Ош: «Биздин Кыргызстан» добуш сатып алуу үчүн шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешке өткөн «Биздин Кыргызстан» партиясынын алган добуштарын жараксыз деп таап, партиянын каттоосун жокко чыгарды. Тиешелүү чечим БШКнын 26-июлдагы отурумунда кабыл алынды.

БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Медина Кутбердиева «Биздин Кыргызстандын» каттоосун жокко чыгарууга партиянын добуштарды сатып алууга тиешеси бар болгону негиз болорун айткан.

Ал эми Ош ШИИБнин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Алмаз Кадыров «Биздин Кыргызстан» добуштарды сатып алганы боюнча үч факты катталганын билдирген.

Отурумга катышкан «Биздин Кыргызстан» партиянын өкүлү бир фактыны гана мойнуна алды. Калгандары аларга тиешеси жоктугун билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топ сунуштаган токтомду кабыл алып, «Биздин Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетти. Ал эми «Биздин Кыргызстан» алган 15 мандат «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир Бол» партиялардын арасында бөлүштүрүлөт.

Ал эми партиянын негиздөөчүсү, депутат Айбек Осмонов БШК кабыл алган чечимди «адилетсиз» деп атады. Осмонов Боршайкомдун чечимине сотко даттана турганын билдирди.

11-июлда Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өткөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясы 15-июлда шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын таанып, мандаттарды төрт партиянын арасында бөлүштүргөн. «Ата-Журт Кыргызстан» 19 мандат, «Биздин Кыргызстан» 15 мандат, «Улуттар биримдиги» 7 мандат жана «Бир Бол» 4 мандат алган.