Видео: Ак-Буурага агып кеткен кызды куткарам деп апасы жана таежеси каза тапты

Окуя болгон жерден сүрөт. Автору: Актилек Гүлжигит кызы

27-июлда Ош облусунун Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясына агып кеткен 15 жашар кызды куткарам деп анын 38 жаштагы апасы жана 36 жаштагы таежеси каза тапты. Ал эми кызды облустук туристтик милициянын кызматкерлери куткарып калды.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева «Клоопко» билдиргендей, аялдар Ош шаарынын тургундары болгон. Алар Ак-Буура дарыясынын жээгине эс алганы барышып, кыз дарыяда баллон менен сууга түшүп жаткан. Бирок суунун агымы аны тартып кеткен.

Өспүрүмдү куткаруу үчүн артынан алгач апасы, андан кийин таежеси дарыяга түшкөн. Бирок кыз баллону менен агып кете берген. Ал эми анын апасы менен таежеси сууга чөгүп кетип каза табышкан. Алардын сөөгүн тургундар чыгарышкан, ал эми баллону менен ташка такалып калган өспүрүмдү милиционерлер суудан алып чыккан.

Ак-Буура дарыясына түшүүгө тыюу салынат. Ага карабастан шаардын жана облустун тургундары күн ысыкта чөмүлүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Ак-Буура дарыясынын Ак-Буура каналына 18 жаштагы бала менен 13 жашар өспүрүм чөгүп каза болгон. Алар Кара-Суу районунан Төлөйкөн айылына устачылык кылганы келишип, күн ысыктан улам чөмүлгөнү түшүшкөн.

Ал эми 20-майда аталган каналга мектептен чыгып үйүнө бараткан 1-класстын окуучусу түшүп кетип каза болгон.

Окуучунун сууга түшүп кеткенин көргөн классташтары мугалимдерге кабарлап, алар куткаруучуларды чакырган. Бирок ал сууга чөгүп каза болуп калган. Баланын бир чакырымдай алыстыкка агып барган сөөгүн айылдын тургундары суудан алып чыгышкан.