Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 13 киши каза болду, жаңы 996 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

28-июлда коронавирустун жаңы 996 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 823, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 173. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 603;

Чүй облусунда — 126;

Баткен облусунда — 58;

Жалал-Абад облусунда — 92;

Ысык-Көл облусунда — 56;

Ош шаарында — 9;

Ош облусунда — 26;

Нарын облусунда — 14;

Талас облусунда — 12.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 160 085ке жетти.

Ал эми акыркы суткада 1 723 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 1 213, Чүй облусунда — 184, Ош шаарында — 68, Ош облусунда — 54, Талас облусу — 9, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 79, Баткен облусунда — 69, Нарын облусунда — 19 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 140 039 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 928 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 1 036 киши оор, 202 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 10 899 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 067 .

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — 8, Чүй облусунда — 3, Жалал-Абад жана Баткен облустарында — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 275 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 22 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — 8, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында — экиден, Чүй облусунда — 7, Талас облусунда — 1 медик COVID-19га чалдыккан. Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 6 400гө жетти, анын ичинен 5 725 медкызматкер илдеттен айыкты.