«Элиза үй буюмдарынын» эки өкүлү каржы пирамидасын уюштурууга шектелип кармалды

27-июлда Бишкектеги «Элиза үй буюмдарынын» эки өкүлү каржы пирамидасын уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБдин басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдирди.

Милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, акчасын алдатып жибергенин айтып арыз жазган. Анда Элмира аттуу аял анын кирешесин көбөйтүүнү убада кылганы үчүн анын абоненттик номуруна акча которгонун билдирген.

Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу кылмышка шектүү жарандардын өздүгүн тактап, 24 жаштагы Б.Э. жана 27 жаштагы М.О. аттуу жарандарды кармады.

Милиция бул фактыны «Каржы пирамидаларын уюштуруу» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталып жатат.

«Учурда “Элиза үй буюмдарына” акча салып ала албай калган ондон ашык адам арыз менен кайрылды. Азыр канча адам, канча өлчөмдө акча алдатып жибергени белгисиз, себеби арыздар бардык аймактардан келип жатат», — деп билдирди Иманбаева.

27-июль күнү «Элиза үй буюмдары» каржы пирамидасынын 30га чукул мүчөсү РИИБдин имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар «Элиза үй буюмдарынын» жетекчисин бошотууну талап кылышууда жана «ага тиешелүү номурларды мыйзамсыз өчүргөн» деп «Мегаком» уюлдук операторуна наарызычылыгын билдиришти. Ал эми Свердлов РИИБдин басма сөз казматы 28-июлда дагы кармалгандардын тарапташтары акциягы чыгышканын кабарлады.

Ал арада актриса, ырчы, режиссёр, алып баруучулар «Элиза үй буюмдарын» инстаграм барагында жарнама кылып жатышат.

Буга чейин 5-июлда Талас шаарында Каржы пирамидасынын мүчөлөрү камакка алынган жетекчисин бошотууну талап кылышкан. Ал эми Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева «Клоопко» «Эл биримдиги» финансылык пирамидасынын башында турган 3 киши соттун чечими менен кармалганын билдирген. Сарногоева кармалгандардын үстүнөн милицияга 204 жарандан арыз түшкөнүн кошумчалаган.

Тема боюнча:

Талас: Каржы пирамидасынын мүчөлөрү камакка алынган жетекчисин бошотууну талап кылышты