Кадыр Маликов муфтийдин орун басары кызматынан өз каалоосу менен кетти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кадыр Маликов өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Маликов Фейсбуктагы барагында билдирди.

«Жакында муфтияттан кетүүнү чечтим. Күч-аракетимди руханий-агартуучулук жана илимий-окутуучулукка багыттаймын», — деди ал.

Ал эми анын кызматтан кеткенин «Клоопко» муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев тастыктады. Бирок анын арыз жазганын «ден соолугу менен байланыштуу» деп түшүндүрдү.

«Учурда ал дарыланып жаткан экен. 26-июлда Кадыр Маликовдун арызы каралып, муфтийдин орун басары кызматынын бошотуу чечими кабыл алынды», — деп билдирди ал.

Атабаев азырынча Маликовдун ордуна ким дайындалары тууралуу маалымат жок экенин белгилеп, чечимди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги кабыл аларын айтты.

Теолог Кадыр Маликов Кыргызстандын муфтийинин орун басары болуп 2020-жылдын 21-августунда дайындалган.

Кадыр Маликов 49 жашта. Ал 2005-жылы Испанияда «Complutense de Madrid» университетинин атайын курсунан билимин жогорулатып, эки жылдан соң Испаниянын «Autonoma» унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.

Маликов 2017-жылдан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, президенттин эксперттик кеңешинин мүчөсү, «Дин, укук жана саясат» көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору болуп эмгектенип келген.

Тема боюнча:

Муфтияттагы миллиондор. Ажылыкка делген акчалар кайда жумшалган?

Кадыр Маликов муфтияттагы чыр боюнча үн катты