Өзгөндө жайлоодо ага-инини сабаган Кадыралиевдердин уулдары эки айга камалды

Шектүүлөр Жоомарт Санжар уулу жана Алтынбек Улан уулу. Коллаж Зарина Маматжанова / Kloop.kg

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылындагы Жайылма жайлоосунда бир туугандарды ур-токмокко алган Кадыралиевдердин уулдары соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Алар буга чейин Өзгөн райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүндө жатышкан болчу.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, шектүүлөрдүн ден соолугу калыбына келгендигине байланыштуу, алар 27-июлда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Шектүүлөрдөн COVID-19 илдетине ПЧР-анализ алынды. Анализдин жыйынтыгы чыккан соң Өзгөн райондук сотунун токтомунун негизинде Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна которулат», — деп билдиришти милициядан.

Эмне болгон?

18-июлга караган түнү Жайылма жайлоосунда Кадыралиевдердин уулдары Чынгыз Батыровду атка сүйрөтүп сабап, ал эми Батыровду башына балта менен чабышкан. Мындан улам алар оор жаракат алып, ооруканага түшүшкөн.

Бир туугандарды ур-токмокко алууга шектелип Жоомарт Санжар уулу жана Алтынбек Улан уулу кармалган.

Жоомарт — киши колдуу болгон депутат Санжар Кадыралиевдин уулу. Ал эми Алтынбек — анын бир тууганы Улан Кадыралиевдин баласы. Мындан сырткары, окуяга Нурмухаммед (Мухаммед) Улан уулунун да тиешеси бар болгону айтылган. Бирок анын жашы жете элек болгондуктан камакка алынган эмес.

Батыровдордун үй-бүлөсү Кадыралиевдердин кланынан жабыркаганын айтып, 23-июлда митингге чыгып, 26-июлда маалымат жыйын курушкан. Алар балдарынын биринин баш сөөгү жанчылып «тилден калганын» айтышууда. Ошондой эле, Кадыралиевдер «милицияга пара берип, жазасыз калып кетишет» деп тынчсызданышкан.

Милиция алгач окуяны «Ээнбаштык» беренеси менен каттап, эки тарап тең арыз менен кайрылганын маалымдашкан. Базарбек Батыровдун берген арызынын негизинде анын уулдарына соттук-медициналык эскпертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына Илгиз Базарбек уулу жана Чынгыз Батыров «денелеринен оор жаракат» алгандыгы аныкталган.

«Ээнбаштык» беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренесине квалификацияланып, тергөө амалдары улантылууда.

Тема боюнча:

«Басмачы эле болуп алышты». Кадыралиевдерден жабыркагандар акыйкат издейт

«Атка сүйрөтүп, балта менен чабышкан». Ошто Кадыралиевдер тарабынан сабалгандар президентке кайрылды