ЖМК: Иши аяктаган VI чакырылыш тойканага чогулду

29-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессиясын аяктап, каникулга таркап кетишти.

Сессияны жабуу учурунда парламенттин төрагасы Талант Мамытов депутаттар пандемия шартында экономиканы турукташтырууга багытталган олуттуу мыйзамдарды кабыл алышканын айтты.

Видео Kaktus.media. басылмасы

Сессия жабылгандан кийин дароо эле бир катар ЖМКлар эл өкүлдөрү ишин жыйынтыкташканына байланыштуу борбор калаадагы ресторандардын бирине банкетке чогулганын билдиришти.

Kaktus.media басылмасынын маалыматы боюнча, парламент депутаттары Rixos Hall ресторанына чогулушкан. Тасмадан кымбат баалуу 30га жакын унаа ресторандын короосуна токтоп турганын көрүүгө болот.

Ал эми «Спутник Кыргызстандын» маалыматы боюнча, депутаттар Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовдун чакыруусу менен чогулушкан. Депутаттар чогулган жерден тартылган видеону «Акипресс» басылмасы дагы жарыялаган.

Биринчи эле жолку банкет эмес

Бул эл өкүлдөрү парламенттин иши жыйынтыктаганына байланыштуу чогулуп жатышкандагы биринчи жолку эле банкет эмес. Ушундай сыяктуу эле иш-чараны буга чейин депутаттарга президент Садыр Жапаров дагы уюштурган.

27-июлда Жапаров депутаттарды Мамлекеттик резиденцияга чакырган. Чакырылган депутаттардын айрымдары журналисттерге курган маегинде жолугушуунун максатын билишпесин айтышкан.

Бирок, башка депутаттар президент аларды чакырылыштын иши аяктаганына байланыштуу чакырганын айтып беришкен. Ал эми депутат Жанар Акаев кесиптештеринин аракетин сынга алып, президенттин кабыл алуусун «мамлекеттик коррупция» деп атаган.

Кабыл алуунун эртеси күнү депутаттар «Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Аны менен бирге депутаттар «Шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү дагы жана президенттин бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алышкан: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө».

Ошол эле учурда депутаттар бул мыйзам долбоорлоруна каршы болуп, ал тургай «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзам долбоорлорун акимдерге ашыкча ыйгарым укуктарды бергени үчүн сынга алышкан.