Ош: Филармониянын жанындагы тез татым өрттөндү, жабыркагандар жок

Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жанындагы тез татымдан 30-июлда өрт чыкты. Маалыматты «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.

«Филармониянын 20 метр аралыгында жайгашкан тез татым күйгөн. Эч ким жабыркаган жок», — деп билдиришти министрликтен.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Оштун Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан «Айти» кафесинен өрт чыккан. Көп өтпөй өрт анын жанындагы «Магнит» тез тамактануучу жайына да өтүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен «Айти» кафеси толугу менен күйүп, «Магниттин» 15 чарчы метри жабыркаган.