Спортчу Жоламан Шаршенбеков Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грем-рим күрөшү боюнча жарым финалга чыга албай калды. Ал 60 кг салмак боюнча катышып жатат.
Шаршенбеков молдовалык Виктор Чобануга 9:0 эсебинде утулду. Эгерде Чобану финалга чыга турган болсо, Шаршенбеков турнирде коло медаль үчүн күч сынашууга мүмкүндүк алат.
Буга чейин Шаршенбеков казакстандык спортчу Мейрамбек Айнагуловду 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда беттешүү укугуна ээ болгон.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2021/08/sharshenbekov.jpg)
Тема боюнча: