Балбан Жоламан Шаршенбеков жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз спортчусу Жоламан Шаршенбеков Алматы шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Анын негизинде ал 2021-жылы Жапонияда өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.

Шаршенбеков Алматыдагы грек-рим күрөшү боюнча азиялык квалификациялык турнирине 60 кг салмакка чейинки категорияда катышкан.

Кыргызстандын спортчусу турнирдин финалына жетүү үчүн кореялык Ханжае Чунгду 6:2 эсебинде жана индиялык балбан Ганендерди 6:1 эсебинде жеңген. Ал эми финалда алтын медаль үчүн кытайлык балбан Валихан Саилике менен беттешет.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча балбан. Ал буга чейин Азия жана Дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон. 2020-жылы Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган.

Шаршенбеков «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган жетинчи спортчу. Буга чейин Олимпиада оюндарына катышуу лицензиясын кыргыз спортчуларынан эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүчү Денис Петрашов, балбан Атабек Азизбеков, жеңил атлетчи Дарья Маслова, жөө күлүк Юлия Андреева жана Мария Коробоцскаялар алган.

2020-жылы Япониянын Токио шаарында өтө турчу 32-жайкы Олимпиада оюндары COVID-19 пандемиясынан улам Эл аралык олимпиада комитети тарабынан 2021-жылга жылдырылган. Ал эми Олимпиада оюндары Токиодо 23-июлдан 8-августка чейин өтөөрү айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жөө күлүк Мария Коробицкая жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды