Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болгон Жоламан Шаршенбековго айыппул салынды

Патрулдук милициядан кабарлашкандай, балбан Жоламан Шаршенбеков коопсуздук курун тагынбай унаа айдаганы үчүн айып төлөйт. Буга чейин анын командалашы Марлен Асикеев Шаршенбековдун Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болгондугу үчүн демөөрчүлөр белек кылган жаңы унаасын айдап жүргөн видеосун жарыялаган болчу.

Видеодо Шаршенбеков унааны коопсуздук курун тагынбастан айдап жүргөн. Көп өтпөй буга милиция реакция кылган.

Мыйзам боюнча, Кыргызстанда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айыптын суммасы 1000 сомду түзөт.

Спортчуга Mercedes-Benz W211 үлгүсүндөгү автоунааны «Сажда» мусулман кийимдерин саткан дүкөн белекке берген. Ал аталган дүкөндүн амбассадору болуп саналат.

Ушундай эле жаңы автоунаага Руслан Царев ээ болгон. Ал ушул эле турнирде коло медалга ээ болуп, Toyota Camry 50 унаасын белекке алган.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утуп алган. Ал эми Руслан Царев менен Каалы Сулайманов коло медалга ээ болушкан.

Мындан тышкары, Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Дүйнө кубогунда үч медалга ээ болгон. Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, ал эми Айпери Медет кызы коло медалга ээ болгон.