Баткен: Селден улам 17 үйдү суу каптап, чарбалык жолдор бузулду

1-августта Баткендин Кадамжай районундагы Алыш айылында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 17 турак үйдүн короосун суу каптап, жети үйдүн жер төлөөсүнө суу толду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен айылда төрт километр ички чарбалык жол бузулуп, 13 үйдүн короосун суу жеп кеткен.

Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагындагы Валакыш айылында сел жүргөн сайлар жана 700 метр ички чарбалык жол бузулган. Мындан сырткары, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын сел жүрүүчү сайлары, 200 метр ички чарбалык жолу жабыркаган.

Жеринде 12 куткаруучу жана 10 жергиликтүү тургун атайын техникалар менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Райондук депутаттардан түзүлгөн комиссия келтирилген чыгымды иликтеп жатат.

Буга чейин табигый кырсык Баткен облусунун бир нече айылдарында дагы катталган. 6-июлда Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында, 19-июлда Кыштут айыл аймагындагы Газ айылында, 20-июлда Газ жана Согмент айылдарында сел жүргөн.

6-июлда жүргөн селдин кесепетинен Согмент, Газ жана Кара-Булак айылдарында 47 турак жайды суу каптап, эки көпүрө бузулган. Ал эми райондун акими Газ жана Согмент айылдарында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Тема боюнча:

Баткендин бир нече айылдарына селден улам Өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты

Баткен жана Кадамжай райондорунун бир нече айылдарында сел жүрдү