Олимпиада: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Ал жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утту.

Тыныбекова турнирге 62 килограмм салмакта катышып жатат.

Тыныбекова биринчи беттеште латвиялык спортчу Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Ал эми чейрек финалда румыниялык балбан Криста Тунде Инчени 6:0 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан болчу.

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш боюнча чебер жана Азиянын үч жолку чемпиону. Ошондой эле, ал күрөш боюнча 2019-жылы сентябрда дүйнө чемпиону болгон.

Жапониянын Токио шаарында жайкы Олимпиада оюндары өтүп жатат. Күрөш боюнча республиканын курамасынан биринчи болуп килемге Айпери Медет кызы чыккан. Ал жарым финалда АКШнын спортчусу Аделайн Мариа Грей менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашынан утулган.

Ал эми Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду менен беттешип, атаандашынан 2:3 эсебинде утулуп, жарым финалга өтө алган жок.