Олимпиада: Акжол Махмудов Кыргызстанга күмүш медаль менен кайтат

Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду. Токиододогу Олимпиада-2021 жайкы оюндарында Кыргызстан алгачкы медалга ээ болду.

Махмудов финалдык беттеште венгриялык спортчу Тамаш Лёринчтен 2:1 эсебинде утулду. Ал финалдык беттеште алтын медаль үчүн күч сынашкан болчу.

Махмудов турнирдеги биринчи беттешинде тунистик спортчу Ламьед Маафини 11:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкккан. Ал эми чейрек финалда азербайжандык спортчу Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде утуп, финалга чыккан болчу.

Токио Олимпиадасында өлкөгө алгачкы медаль алып келген Акжол Махмудов 2008-жылдагы Канатбек Бегалиевдин Пекин Олимпиадасындагы жетишкендигин кайталады. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Олимпиада оюндарында республиканын күрөш боюнча курамасы ийгиликтерди багындырып, өлкө байрагын желбиретип келет.

Акжол Махмудов 22 жашта. Ал эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Апрель айында Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо алган.