Токтогул району: Жол кырсыгынан 65 жаштагы адам каза болуп, алты адам жабыркады

Токтогул районундагы Бишкек — Ош жолунунун 260-чакырымында «Хонда-CR-V» жана «Мерседес-бенц Спринте» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, натыйжада 65 жаштагы киши каза таап, алты жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандардын абалы оор экени айтылууда.

Сүрөт: ӨКМ

Кырсык болгон жерге беш куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн унаадан алып чыгарылган. Ал эми жабыркаган алты жаран Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам президент 14-июнда ИИМге жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар копмплексин күчөтүүнү тапшырган.

ЖКККБнын маалыматына ылайык, 2021-жылдын алты айында 3 396 жол кырсыгы катталган. Мурдагы жылы алардын саны аз болгон — ошол эле мезгил боюнча 2 432 жол кырсыгы катталган.