Баткен: Нөшөрдөн улам Лейлек районунун бир нече айылында сел жүрдү

3-августа Баткен облусунун Лейлек районунун айылдарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 21 турак жайды жана 14 үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, табигый кырсыктан эң көп Ак-Терек айылы жабыркады — сел суулары 11 турак жайды каптап, дагы сегиз үйдүн короосуна кирди. Ошондой эле Ак-Суу айылында эки үйдүн, Катраң Таңгиоозу жана Калтарык тилкелеринде сегиз үйдүн короосун сел каптаган.

Мындан сырткары Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 318-320-чакырымын жана Катраң — Өзгөрүш ички чарбалык жолунун айрым жерлерин сел жууп кеткен.

Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Лейлек райондук башкармалыгынын куткаруучулары жана атайын техника тартылган.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 1-августта Баткендин Кадамжай районундагы Алыш айылында сел жүрүп, 17 турак үйдүн короосун суу каптап, жети үйдүн жер төлөөсүнө суу толгон. Андан сырткары селдин кесепетинен айылда төрт километр ички чарбалык жол бузулуп, 13 үйдүн короосун суу жеп кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендин бир нече айылдарына селден улам Өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Лейлектин бир нече айылында сел жүрдү. Анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза тапты