COVID-19: Акыркы суткада коронавирстун жаңы 696 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

4-августта коронавирустун жаңы 696 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 339;

Чүй облусунда — 84;

Баткен облусунда — 51;

Жалал-Абад облусунда — 89;

Ысык-Көл облусунда — 50;

Ош шаарында — 10;

Ош облусунда — 44;

Нарын облусунда — 15;

Талас облусунда — 14.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 166 236га жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 1 681 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 150 852 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 3 393 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 8 270.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирусту жуктурган 9 киши каза тапты. Кыргызстанда илдеттен 2 363 киши көз жумду.