Олимпиада. Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль багындырды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын күмүш байгесине ээ болду. Ошентип күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкөгө үчүнчү олимпиада медалын тартуулады.

Тыныбековага алтын медалга ээ болуу үчүн болгону бир упай жетпей калды. Ал финалдык беттеште жапондук Юкако Каваи менен күч сынашып, андан 4:3 эсебинде жеңилди.

Айсулуу Тыныбекова биринчи беттеште латвиялык спортчу Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан. Ал эми чейрек финалда румыниялык балбан Криста Тунде Инчени 6:0 эсебинде жеңген.

Жарым финалда украиналык атаандашы Ирина Коляденкону бир да мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде уткан.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Олимпиада оюнун жана дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан кыз.

Айсулуу 2012-жылы 19 жашында Лондон Олимпиадасына жолдомо алып, элге тааныла баштаган.

Тыныбекова 2019-жылы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон. Мындан сырткары, Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал бул наамга эки жыл мурда Нур-Султан шаарындагы чемпионатта ээ болгон жана Токио жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Буга чейин Польшада кыз-келиндер арасында өткөн «Poland Open-2021» эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болгон.

Балбан кыз United World Wrestlingдин дүйнөдөгү эң мыкты балбан кыз-келиндеринин тизмесинин сап башына чыккан.

Токио-2021

Тыныбекованын Токио Олимпиадасындагы жеңиши Кыргызстанга үчүнчү күмүш медалды алып келди. Буга чейин 21 жаштагы Мээрим Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэгди 10:1 эсебинде утуп коло медаль алган.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов финалдык беттеште күмүш медалга татыган. Ал бир нече жолку дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү венгриялык спортчу Тамаш Лёринчтен 2:1 эсебинде утулган. 22 жаштагы Акжол Махмудов Олимпиадага алгач ирет катышып жатат.