Талгарбеков: Акаев кыргыз жарандыгын алмаштырган эмес, мекенине келем деп үмүттөнгөн

Премьер-министрдин мурдагы аппарат башчысы жана Аскар Акаевдин мурдагы үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков Kaktus.media басылмасына маек куруп, бозгун президент кыргыз жарандыгынан баш тартпаганын билдирди.

«Алар [Акаев жана жубайы] качандыр бир кезде мекенине кайтып келебиз деп үмүттөнүп жүрүшкөн. Ошондуктан жарандыгын алмаштырган эмес. Бул жылдар аралыгында Москвада Кыргызстандын паспорту менен жашап жүрүшкөн», — деп айтып берген Талгарбеков.

Ал ошондой эле Акаевдин паспорту ТИМ тарабынан жаңыртылганын, ал эми Майрам Акаеванын паспортуна документтерди чогултууга Талгарбеков өзү жардам бергенин кошумчалады.

«Мен Аскар Акаевге жардам берген эмесмин, бирок анын дагы Кыргызстандан алган жалпы жарандык паспорту бар экенин билем. Анын балдарынын жарандыгы тууралуу эч нерсе билбейм», — деп белгиледи Талгарбеков.

Тема боюнча:

Аскар Акаев УКМКга сурак берип чыккандан кийин эмне деди?

Бир кадр менен: Аскар Акаев Бишкекке конгон учактан түшүп келе жатат

Аскар Акаев Кыргызстанга келди, ал УКМКга жеткирилди