Бишкектин мэринин м.а. болуп Таалайбек Сарыбашов дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Ош шарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашов дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 2-августта кол койду.

«Таалайбек Сарыбашов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп жазылат министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.

Сарыбашов Бишкек шаарынын жетекчилигине келе турганын ошол кездеги президенттин иш башкаруучусу Алмаз Мамбетов билдирген болчу. Ал эми Мамбетов өзү 2-августта Сарыбашовдун ордуна Оштун мэринин м.а. болуп дайындалды.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин м.а. жаткан Бактыбек Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. Ал арызды 30-июлда жазганын айткан. Кудайбергенов бул кызматты жарым жылга чукул аркалады.

Таалайбек Сарыбашов деген ким?

Таалайбек Сарыбашов — Ош шаарынын мэри болуп 2018-жылдын июлунда шайланган. Ал буга чейин 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими болуп иштеген. 2015-жылдан тартып калаа башчылыгына келгенге чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сарыбашовдун Бишкек шаарында салынып жаткан хан сарайы талкууга алынган. Ал Бишкек шаарында үч кабаттуу үй куруп жатат деген видео 6-мартта тараган. Тасманын автору хан сарайды көрсөтүп жатып, «Райымбек Матраимовдун үйү бул жакта эле калат экен» деп комментарий берген. Мындан сырткары, автор үй Сарыбашовдун бир тууган эжесине катталганын айткан.

Бирок, Ош шаардык мэриясынан аталган хан сарайдын Сарыбашовго тиешеси жоктугун билдиришкен. Ошондой эле, өткөн жылдын декабрында да Сарыбашовдун Ош облусунун Алай районундагы хан сарайы талкууга алынган. Анткен менен мэр Гүлчө айылындагы үй атасына таандык экенин жана аны бир туугандар чогулуп курушканын айткан.