Лейлекте тургундар жол тосту. Алар «Апрель» алтын кенин иштетүүгө каршы чыкты

Баткендин Лейлек районунун бир нече айылдарынан чогулган 150гө чукул тургун 6-августта митингге чыгып, Ош — Баткен — Исфана жолун тосушту. Алар Алмалуу тоосундагы «Апрель» алтын кенин иштетүүгө каршы чыгышты. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облустук администрациянын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Тажибаева билдирди.

Митингчилер 2021-жылдын 4-августунда башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандарды бошотууну дагы талап кылганын жазат «Турмуш» басылмасы. Анда Өзгөрүш айылынын тургундары «Апрельское ЭйЗетАй»* кен иштетүүчү компаниянын кызматкерлерине кол салып, техникасын талкалаганы айтылган.

*«Апрельское ЭйЗетАй» ЖЧКсы 2019-жылы «Апрель» алтын кенин иштетүүгө Мамлекеттик геология жана мамлекеттик ресурстар агенствосунан лицензия алган. Анын жетекчиси катары Сергей Юрченко көрсөтүлгөн.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, шектүү катары жети адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

«Апрель» кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургандардын биринин айтымында, жергиликтүү тургундардын митинги уланып жатканына бир ай болду. Тургундарды кен иштетүүчү ишкана сууга жакын жайгашканы тынчсыздандырууда. Тургундар эл каршы чыгып жаткан «Апрельское ЭйЗетАй» ЖЧКсынын артында президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурканов турат деп эсептешет.

Жол тоскон лейлектиктер «Арзыбек Бурканов* Лейлектен колуңду тарт!», «Биз алтын иштетүүгө каршыбыз!» жана «Арзыбек Бурканов алкымыңды тый, чек арага көңүл бур!» деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.

*Арзыбек Бурканов — үстүбүздөгү жылдын 4-майында премьер-министрдин кеңешчиси кызматынан бошотулган. Анын өкмөт башчынын кеңешчиси болуп качан дайындалганы белгисиз. Коомчулукта ал Мариповдун эмес, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы деп айтылып келген. Ал 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, андан кийин 2012-жылы Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп эмгектенген. 2013-жылы Бурканов кыймылсыз мүлккө байланыштуу Камчы Көлбаевдин ишинде күбө болгону маалым.

Жол тосуп, унааларды өткөрбөй жаткан митингчилерге президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту. Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Алимбаев митингчилерге кармалган адамдар бошотулат деп убада кылганын айтып берди.

«Эл менен губернатор жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, тосулган жол ачылды. Унаа каттамы өз нугунда жүрүп баштады. Ал эми кармалган балдар бошотулат», — деп билдирди Рахманкулов.

Ал эми Рахманкулов кенге байланыштуу маалымат бере албасын айтты.

«Апрель» алтын кенинин айланасындагы чыр

«Апрель» алтын кенинин айланасындагы чыр көп жылдан бери уланып келет. Кенди иштетүүгө лицензия берилгенден кийин 2012-жылдын ноябрь айында Лейлектин Катраң айылынын тургундары кенди казууга каршы болуп, Ош — Исфана жолун төрт саатка буушкан. Андан кийин дагы катраңдыктар бир нече жолу нааразычылык акцияларына чыгып, анын негизинде өкмөттүк комиссия дагы түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Катраң айыл аймагынын тургундары кенди казуу боюнча лицензияны жокко чыгарууну талап кылып, өлкө башчысы Садыр Жапаров, премьер-министр Улукбек Марипов жана депутаттарга видео кайрылуу жасаган.

Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев «Клоопко» алтын кени Козу-Баглан дарыясынын башында орун алганын, ал эми тургундар аталган дарыядан суу ичээрин билдирген. Анын айтымында, кен иштей турган болсо суу ууланып, жашоочулардын ден соолугуна жана экологияга зыяны тийиши мүмкүн.

Бөрүбаев кен маселеси көтөрүлүп жатканына сегиз жыл болгонун белгилеп, президент Садыр Жапаров бийликке келгенге чейинки «кендерди коргойм» деген убадасына турган жок» деп айткан ал 2021-жылдын 16-апрелинде «Клоопко» курган маегинде.

Тема боюнча:

Лейлектин тургундары «Апрель» алтын кенинин казылышына каршы