Атамбаевдин резиденциясында 200гө чукул адам Кой-Таш окуясын эскерди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө 8-августта Кой-Таш окуясы эскерилди. Күч түзүмдөрү тарабынан Атамбаевдин резиденциясы штурмга алынып, мурдагы өлкө башчысы кармалгандан бери эки жыл өттү.

«Апрель» басылмасынын маалыматына караганда, Кой-Ташта Атамбаевдин тарапташтары жана «Социал-Демократтар» партиясынын мүчөлөрү чогулган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы бар. ЖМКнын маалыматына таянсак, резиденцияга 200гө чукул киши чогулган.

Иш чарада мурдагы ипрезиденттин адвокаттары Замир Жоошев менен Сергей Слесарёв, ошондой эле Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев сөз сүйлөгөн.

Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиев экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин «ордун алмаштыруу керек» деп билдирген.

«Куралсыз адамдарга ок чыгарууга буйрук берген адам, Сооронбай Жээнбеков мамрезиденцияда биздин эсебибизден жашап, биз төккөн салыктан пенсия алып отурат. Ал эми Алмазбек Атамбаев дагы деле түрмөдө. Мен бул экөөнүн ордун алмаштыруу керек деп эсептейм», — деп берди анын сөзүн «Апрель».

Мурдараак, 5-августта, мураскерин жана экс-президент Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн азыркы башчысы Садыр Жапаровду сынга алган.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын үзөңгүлөштөрү Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 2019-жылдын 8-августунда кармалган. Анда штурм учурунда атайын кызматтын бир офицери каза таап, 100гө чукул адам жабыр тарткан.

Штурмга алууга ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосунда конфликт негиз болгон. Барынан кызыгы, 2017-жылы президенттик шайлоодо Атамбаев Жээнбековдун талапкерлигин колдоп, жарышта сүрөп турган.

Атамбаев менен Жээнбековдун чыры ачыкка чыккандан кийин, парламент тарабынан мурдагы президентке коррупция жана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура бул айыптоолорду колдогон — көп өтпөй Атамбаев кол тийбестик укугунан ажыратылган. Бул болсо прокуратурага аны суракка чакырууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок мурдагы президент Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка үч ирет келген эмес. Анын Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун расмий себеби да ушул болгон.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүү үчүн келген УКМКнын алты кызматкерин барымтага алган. Бирок эртеси күч органынын кызматкерлери бошотулуп, Атамбаев колго түшкөн.

Камакка алынгандан кийин бийлик Атамбаевге карата бир нече кылмыш ишин козгоп, массалык баш аламандыктарды уюштурууга, адамдарды барымтага алууну уюштурууга, адам өлтүрүүнү уюштурууга жана адам өмүрүнө кол салууга аракеттенүүгө айыптаган. Ушул тапта Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясында.

Ал ошондой эле 2020-жылдын 9-октябрында Ала-Тоо аянтында «Массалык баш аламандыкты уюштурууга» шектелип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кой-Таш окуясы Жээнбековдун режимин кулатып, азыркы укуктук башаламандыкка алып келди — Атамбаев