Бишкектеги ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунда «жардыруучу зат» табылган жок

Маалымат  10-августта 10:54тө жаңыртылды

Бишкектеги ЦУМ жана ГУМ соода борборлорунда жардыруучу зат табылган жок. Милициянын маалыматына ылайык, соода борборлордогу курчоо алынып, жалган маалымат тараткандар изделип жатат.

9-августта саат 16:10 чамасында милиция ЦУМда «кара кийимчен баштык көтөргөн шек жараткан аял» тууралуу маалымат алган. Мындан улам ЦУМ соода борборун милиция курчоого алып, кызматкерлерди жана кардарларды эвакуациялаган.

Ал арада «Vesti.kg» басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып белгисиз эки аял имараттын ажаатканасында жаш балдарды барымтага алганын жазган. Канча бала барымтага алынганы кабарланган эмес.

Бирок УКМК ЦУМда «жаш балдар барымтага алынды» деген маалыматты төгүндөдү. Учурда жалган билдирүү тараткандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, ЦУМдун коопсуздук кызматынын башчысы Виктор Жирков да аталган маалыматты «ойдон токулган сөздөр» деп билдирди.

Саат 18:10 чамасында милиция кызматкерлери кайрадан соода борборго кызматкерлерди жана кардарларды киргизе баштаган.

Жарым саат өткөндөн кийин милиция ЦУМга жакын жайгашкан ГУМ соода борборун жардыруучу затка текшерүүгө алган. Анткен менен ГУМ соода борборунда да эч нерсе табылган эмес.