«Мыйзамсыз орнотулган». Ош аэропортунун кире беришиндеги шлагбаум алынды

Сүрөт: «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы

Ош эл аралык аэропортунун кире беришиндеги шлагбаум алынды. Ош шаардык прокуратурасы ал мыйзамсыз орнотулганын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

«“Ош-Аэропорт” автожолуна мыйзамсыз орнотулган шлагбаум алынып салынды», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Ведомствонун маалыматына ылайык, «Ош-Аэропорт» жолунун 165 метр узундуктагы бөлүгү 2017-жылы сентябрдын башында «Манас» эл аралык аэропортуна «коопсуздукту сактоо жана көрктөндүрүү» үчүн берилген.

Ал эми «Манас» Эл аралык аэропорту ачык акционердик коому мыйзам талабын жана жолду үчүнчү тарапка берүүгө тыюу салган эки тараптуу келишимди бузуп, ал жерди «Т.Г» аталышындагы жоопкерчилиги чектелген коомго пайдаланууга берген. Аталган ЖЧК шлагбаум орнотуп, аэропортко кирген ар бир унаадан акы алып турган.

«Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде шлагбаум орнотулган жер пайдаланууга берилгенин тастыктады. Курбанова аэропорттун кире беришиндеги шлагбаум 2018-жылы орнотулганын, шлагбаумду иштеткен компания аэропортко кирген ар бир унаадан саатына 30 сом алып турганын билдирди.

Прокуратура текшерүүнүн жыйынтыгында аталган юридикалык тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимге жолдун пайдалануудагы бөлүгүн субарендага берүү боюнча жалган маалыматтарды киргизүү фактысы да аныкталганын белгиледи.

Аталган факт КЖБРге «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.