«Ыңгайсыз суроо». Журналист Ысык-Көлдө Мариповдун жолугушуусунун алдында уурдалганын айтты

Журналист Улукбек Карыбек уулу 6-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда белгисиз үч киши тарабынан уурдалды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук барагында билдирди.

Карыбек уулунун айтымында, ал достору менен Ысык-Көлгө эс алууга барып Көк-Жайык капчыгайында токтогон. Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов селден жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп жаткан.

«Мариповдун сайпаналары [...] барып, элди басынтып, “бул суроону бересиңер, тигил суроону бербейсиңер, сен сүйлөйсүң, сен сүйлөбөйсүң” деп орой үнү менен басынтып жатканына күбө болдум. Ошол учурда мен айттым: “Эмне үчүн силер ушундай...токтотсоңор болобу ушул заманды? Ушундан тажаган жоксуңарбы? Буга чейинки бийлик ушул жолду жолдоп, тагдыры эмне болду? Көзүңөрдү ачып, элдин маселесин укпайсыңарбы, элди андай басынтпагыла” деп [айттым]. Ошол жердеги жарандар дагы суранып калды, бизге көйгөйлөрүн айтып», — деди Карыбек уулу.

*Карыбек уулу жарыялаган видеолордун биринде уюштуруучулардын арасынан «капталдан чыкмай жок, ар бири бирден сүйлөп, суроолорду берет» деп айтканын угууга болот.

Ал эми журналист муну айткандан кийин ага белгисиз, «кебетеси “караларга” окшогон» балдар келип, «жөн эле жүрсөңчү, тынч эле кетип калсаң» деп айткан. Карыбек уулу кетүүдөн баш тарткандан кийин аны милиция кызматкерлеринин көзүнчө белгисиз үч киши номуру жок унаага күч колдонуп салып кеткен.

«Унаа жок жерден айдап, анан бычак менен психологиялык басым кылып коркутту. “Тынч жүрбөйт экенсиң сен” дегендей бир топ көчө сөздөрү менен сөгүнүп, психологиялык басым жасап, коркутуп алып келе жатышкан», — деди журналист.

Көп өтпөй унаа Каракол шаарына жетип токтогон. Журналистти уурдаган кишилердин бири тамеки алганга чыгып, экинчиси телефонго жооп берип жатканда Карыбек уулу айдоочуну түртүп, унаадан качып чыккан.

Карыбек уулун уурдагандар аны кайрадан кармоого аракеттенишкен, бирок ал жерде турган такси айдоочулары журналистти куткарып калышкан. Ал эми Карыбек уулу таксисттердин биринин телефонун алып, уурдаган кишилерди тартып алууга үлгүргөн.

«Түз Улукбек Мариповго кайрылам: көзүңөрдү ачып, иштей турган болсоңор элдин маселесин угуп иштегиле. Силер мени өлтүрсөңөр дагы, чындыкты өлтүрө албайсыңар. Силер акыйкатты эч качан өлтүрө албайсыңар. Өтүгүңөрдү чечип, пиарды токтотуп, жөн иштегиле. Биз силердин коркутканыңардан, кимге саласыңар, кандай саласыңар — коркпойбуз эч кимиңерден», — деди Карыбек уулу.

Марипов эмне дейт?

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов фейсбук барагында журналисттин уурдалганы тууралуу кабардар экенин билдирди. Ал бул окуя боюнча укук коргоо органдарына бир катар тапшырма бергенин белгиледи.

«Мен дүйшөмбүдө Улукбек Карыбек уулу менен жеке жолугушуу өткөрүп, Ысык-Көл облусунда болгон чатактын бардык деталдарын өз оозунан угууга даярмын», — деп жазды Марипов.

Мындан сырткары Марипов жолугушууларга «өз кишилерин» алдын ала чогултуу ыкмалары эскиргенин жана ал ыкмаларга «терс көз карашта» экенин кошумчалады.

*Минкабдын башчысы Ысык-Көлдө иш сапары менен жүргөндө жергиликтүү тургундар аны «Toyota Land Cruiser» унаасынан түшүрүп «Audi» унаасына отурууга аргасыз кылышкан. Тургундар бул аракети менен Мариповго аймактын көйгөйлөрүн айтып, ички жолдор менен жүрүү канчалык ыңгайсыз экенин көрсөткүлөрү келген.

Ал арада Карыбек уулу аны уурдагандардын бири Ички иштер министрлигинин кызматкери Ислам Асанбаев экенин божомолдоп, ал эми жанындагылар да күч органдарынын өкүлдөрү болушу ыктымалдыгын жазды.

Милиция эмне дейт?

Ал эми «Клооп» байланышка чыккан Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов журналисттин уурдалышына милиция кызматкерлеринин тиешеси болушу мүмкүн деген маалыматты четке какты. Усубакунов учурда бул окуя боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

«Учурда [шектүүлөр] кармала элек. Ал арызында Жети-Өгүз айылындагы “Жарылган жүрөктүн” жанында үч белгисиз бала унаасына салып алып кетип калды деп көрсөткөн. Азыр арызда көрсөтүлгөн жагдайлар, себептер изилденип жатат, ошондой эле күбөлөр суралууда», — деди Усубакунов.

Карыбек уулу эркин журналист. Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган «Вега оперейтинг компани» компаниясы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда «Вега» компаниясынын жетекчиси Арман Насипкулов жол эрежелерин 91 жолу бузуп, анын 90у жокко чыгарылганы айтылган.

Ошондой эле журналист «Коопсуз шаарды» ишке ашырууга жооптуу болгон экс-вице-премьер Жеңиш Разаков жол эрежесин 264 жолу бузганын, бир да жолу айып төлөбөгөнүн ачыктаган. Мындан сырткары Разаковдун унаасында жасалма номурлар болгон.

Көп өтпөй «Вега оперейтинг компани» Карыбек уулунун иликтөөсүндөгү маалымат «чындыкка дал келбейт» деп журналистти сотко берген. Компания Карыбек уулунан 100 миң сом өндүрүп алууну көздөгөн. Анткен менен Биринчи май райондук соту журналисттик иликтөөдөгү маалымат так болгонун аныктап, компаниянын доосун канааттандыруудан баш тарткан.