Марипов Ысык-Көлдө кортеждеги унаасынан түшүп, «Audi’ге» отурууга аргасыз болду

«Турмуш» басылмасы жарыялаган видеодон скрин

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду кортеждеги «Toyota Land Cruiser» унаасынан түшүп «Audi» унаасына отурууга аргасыз кылды. Тургундар бул аракети менен Мариповго аймактын көйгөйлөрүн айтып, ички жолдор менен жүрүү канчалык ыңгайсыз экенин көрсөткүлөрү келген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт.

Сапардын алкагында Марипов селден жабыр тарткан райондорду кыдырып, Чолпон-Ата шаарынын аймагындагы тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышат. Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдан 30-июлунда сел каптаган Каракол шаардык зоопаркынын иши менен таанышары айтылды.

Июль айынын аягында Ысык-көл облусунда катуу жааган жаандан улам дайралардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүргөн. Каракол дарыясынан ташыган суу жээкке жакын үйлөрдү каптап, тургундар эвакуацияланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Каракол зоопаркы селден жабыркагандыктан «Бугу-Эне» фонду жардам сурайт