Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 471 учуру катталды, 6 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

10-августта коронавирустун жаңы 471 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 212;

Чүй облусунда — 110;

Баткен облусунда — 21;

Жалал-Абад облусунда — 60;

Ысык-Көл облусунда — 38;

Ош шаарында — 7;

Ош облусунда — 5;

Нарын облусунда — 4;

Талас облусунда — 14.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 169 971ге жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 995 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 159 280 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 609 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 4 481.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 6 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 413 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 24 922 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 10-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 547 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 188 миңден ашуун.