Депутат Үмбөталы Кыдыралиев «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Үмбеталы Кыдыралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 10-августта мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыдыралиевди дайындоо министрлер кабинети менен макулдашылган. Жаңы төрага «Кыргызалтындын» жамаатына бүгүн тааныштырылды.

«Кыргызалтынды» буга чейин Маратбек Чолпонкулов жетектеген. Ал бул кызматка үстүбүздөгү жылдын февраль айында дайындалган.

Кыдыралиев 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты болгон. Ал 2021-жылдын февраль айында «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияга мүчө болуп кирген.

«Кыргызалтындын» жетекчилеринин алмашуусу

2020-жылдагы төңкөрүштөн кийин «Кыргызалтындын» башчысы Алмаз Алимбеков өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Буга 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына Эмгекчил, Казарман, Кемин жана Чаткал айылдарынын тургундары митингге чыкканы себеп болгон.

Митингчилер Солтон-Сары кенин иштеткен кытайлык ишкерлер социалдык объектилерди куруп берүүнү убадалап, сөзүнө турбаганына нааразы болушкан. Ошондой эле чогулгандар Алимбеков буга чейин жер кенинде банкротчулук жарыялаганы менен ал жерде өндүрүш иштери улантылып жатканын айтышып, «алтын уурдалып жатканын далилдеген видеолор» бар болгонун кошумчалашкан.

Ал эми «Кыргызалтындан» бул дооматтарды четке кагып, митингчилердин артында «ишканада жетекчилик кызматты аркалоону каалаган адамдар турат» деп билдиришкен.

Алимбековдон кийин бул кызматка 33 жаштагы Элмырза Үкүбаев келген, бирок ал үч айдан кийин 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, Үкүбаев өлкөнүн алтын казуучу ишканаларынын айрым жетекчилеринен системалуу түрдө акча опузалап келген.

Үкүбаев атайын кызматтын тергөө изоляторуна киргизилгенден кийин анын ордуна Маратбек Чолпонкулов келген — ал буга чейин өкмөт аппаратынын Өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

«Кыргызалтын» ААКы — бул алтын кендерин өздөштүрүүгө адистештирилген Кыргызстандын ири ишканасы. Ал 1992-жылы тоо кен тармагындагы ишканаларды бириктирүү жана учурда тоо кен тармагында иштеп аткан ишканалар менен алтын өндүрүү боюнча жаңы долбоорлорду колдоо үчүн негизделген.