Ысык-Көлдө уурдалганын айтып чыккан журналист Марипов менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 9-августта эркин журналист Улукбек Карыбек уулун кабыл алды. Бул тууралуу Карыбек уулу фейсбук барагы аркылуу билдирди.

Марипов журналистти ал Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда уурдалып жана коркутууларга кабылгандан кийин жолугушууга чакырды. Карыбек уулунун айтымында, Минкабдын башчысы журналистти уурдагандар жоопкерчиликке тартылат деп ишендирип, бул иш анын көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Тема боюнча: «Ыңгайсыз суроо». Журналист Ысык-Көлдө Мариповдун жолугушуусунун алдында уурдалганын айтты

«Биздин жасап жаткан ишибизди көрүп жүргөнүн айтып, ыразычылык иретинде кыргыздын салтына ылайык колубузга камчы карматты. Бул камчы менен өлкөбүзгө зыян келтирген жемкорлорду, кызмат абалынан пайдаланган, иштебей жаткан аткаминерлерди “камчыла, күчтөнүп иште” деген каалоолорун айтты», — деп жазды Карыбек уулу Марипов тууралуу.

Карыбек уулу Мариповго Бишкекте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган «Вега оперейтинг компани» компаниясы тууралуу дагы айтып бергенин кошумчалады.

*Карыбек уулу үстүбүздөгү жылдын апрель айында журналисттик иликтөө жарыялап, «Вега оперейтинг компанинин» жетекчиси Арман Насипкулов жол эрежелерин 91 жолу бузуп, анын 90у жокко чыгарылганын аныктаган. Мындан сырткары, иликтөөдө экс-вице-премьер Жеңиш Разаков унаасына жасалма номур орнотуп, жол эрежесин 264 жолу бузганы айтылган. Иликтөө жарыялангандан кийин «Вега оперейтинг компани» Карыбек уулуну сотко берип, бирок утулуп калган.

«[Марипов] биздин көзүбүзчө тиешелүү тармактын бөлүм башчыларын чакырып, “Коопсуз шаар” долбоорундагы алешемдиктерди жоюуга, тыкыр карап чыгууну тапшырып, жакынкы убакта чечилсин деп буйрук берди», — деди Карыбек уулу.

Ошондой эле, Карыбек уулу Минкабдын башчысына Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Казык алтын кениндеги «мафиялык иш аракеттерди» көзөмөлгө алууну да суранган. Карыбек уулунун айтымында, Марипов алар менен бирге иш алып барууга даяр экенин жана «жемкорлорго ачык, чогуу күрөшүүгө кызыктар экенин» айткан.

*Кытайлык «Кайди» компаниясы Кара-Казык кенинде 2009-жылдан тарта алтын, күмүш жана жез өндүрүүгө лицензия алган. Карыбек уулу мурда жетектеген «Марва» телеканалы жасаган иликтөөдө кендин эки тилкесинде 10 тонна 800 килограмм алтын калганы, 2009-2018-жылдары Кытайга 1 208 килограм алтын чыгарылганы айтылган. Иликтөөдөгү маалыматка ылайык, Кара-Казыктан Кытайга чыгарылган алтын, күмүш жана жездин жалпы баасы 660 млн долларды түзгөн.

Карыбек уулунун уурдалышы

Журналист Карыбек уулу 6-августта Жети-Өгүз районунда белгисиз чымыр денелүү адамдар тарабынан уурдалганын билдирген. Бул окуя Марипов Ысык-Көл облусундагы селден жабыркаган айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүп жаткан маалда болгон. Анда журналист уюштуруучулардын бири тургундарга «кайсы суроону берүү же бербөөнү айтып жатканына» күбө болгон.

«Ошол учурда мен айттым: “Эмне үчүн силер ушундай...токтотсоңор болобу ушул заманды? Ушундан тажаган жоксуңарбы? Буга чейинки бийлик ушул жолду жолдоп, тагдыры эмне болду? Көзүңөрдү ачып, элдин маселесин укпайсыңарбы, элди андай басынтпагыла” деп [айттым]. Ошол жердеги жарандар дагы суранып калды, бизге көйгөйлөрүн айтып», — деген Карыбек уулу.

Ал арада журналистти белгисиз үч киши күч колдонуп, унаага салып кетишкен. Карыбек уулунун айтымында, алар аны бычак менен коркутуп, психологиялык басым жасаган.

Карыбек уулу качып чыгып, аны уурдаган кишилерди видеого тартып калууга үлгүргөн. Журналист аны уурдагандардын арасында милиция кызматкери да бар деп болжогон.

Ысык-Көл ОИИБден бул окуя боюнча «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлашып, Карыбек уулун уурдаган кишилердин арасында милиция кызматкерлери болгонун төгүндөгөн.