COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 382 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

11-августта коронавирустун жаңы 382 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 218;

Чүй облусунда — 52;

Баткен облусунда — 25;

Жалал-Абад облусунда — 11;

Ысык-Көл облусунда — 39;

Ош шаарында — 5;

Ош облусунда — 17;

Нарын облусунда — 10;

Талас облусунда — 5.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 170 353кө жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 771 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 160 051 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 455 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 4 031.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 7 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 420 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 21 746 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 11-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 555 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 201 миңден ашуун.