Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 6 киши каза болду, жаңы 417 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов

12-августта коронавирустун жаңы 417 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 201;

Чүй облусунда — 83;

Баткен облусунда — 27;

Жалал-Абад облусунда — 14;

Ысык-Көл облусунда — 38;

Ош шаарында — 8;

Ош облусунда — 13;

Нарын облусунда — 16;

Талас облусунда — 17.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 170 770ке жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 743 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 160 794 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 382 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 3 771.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 6 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 426 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 22 563 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 12-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 562 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 216 миңден ашуун.