Рысбек Альчиев Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды

Бишкек шаарына жаңы прокурор дайындалды. Бул орунга буга чейин бир нече ай башпрокурор Курманкул Зулушевдин орун басары болуп иштеген Рысбек Альчиев келди.

Альчиевди буга чейинки ээлеген кызматынын бошотуу тууралуу буйрукка 11-августта президент Садыр Жапаров кол койгон.

Альчиевге чейин борбор калаанын прокурору кызматын ээлеген Марсбек Кыдыкбаев курулуш компаниялардын бирине жана жетекчилилиге басым жасаганы үчүн жумуштан бошотулган.

Башкы прокуратуранын версиясына ылайык. Кыдыкбаев курулуш компаниянын жетекчисин мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тарткан. Бул кайсы компания жана ким деген ишкер тууралуу сөз болуп жатканы — ачыкталган эмес.

Рысбек Альчиев деген ким?

Бул киши тууралуу маалыматтар аз. Ал 2017-жылы Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болгону, бул кызматка чейин Ысык-Ата районунун прокурору болуп иштегени маалым.

Бир катар ЖМКлар берген маалымат боюнча, 2018-жылы Альчиев кызмат ордунан кол жууп калган, ошол кездеги башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов аны коллегиянын отурумунан кийин жумушунан бошоткон.

Октябрь окуяларынан кийин, 2020-жылдын 16-октябрында Альчиев Башкы прокуратурага бөлүм башчылык кызматка дайындалган.

Кийин 2021-жылдын 31-мартында Садыр Жапаров Альчиевди башкы прокурордун орун басарлыгына дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон. Мурдагы орун басар Жамиля Жаманбаева өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.