Сарыбашовдун ордуна Бишкектин мэринин м.а. болуп Айбек Жунушалиев келди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Айбек Жунушалиев дайындалды. Ал буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болчу. Тиешелүү буйрукка Улукбек Марипов 12-августта кол койду.

«Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп жазылат министрлер кабинетинин билдирүүсүндө.

Ал эми мэрди Бишкек шаардык кеңештин депутаттары 26-августта шайлашы керек.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин м.а. жаткан Таалайбек Сарыбашов 12-августта өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Сарыбашов кызматтан кетип жатканында «эч кандай саясат» жоктугун белгилеген. Ал бул кызматты болгону он күн аркалады.

Айбек Жунушалиев деген ким?

Айбек Жунушалиев — 1976-жылы 6-июлда Чүй облусунун Кегети айылында туулган. 1999 -жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда юриспруденция адистигин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле университетте 2000–жылдары окутуучу болуп баштаган.

Жунушалиев 2021-жылга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарды аркалаган. 2010–2014–жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы болгон.

2021-жылдын февралында ал министрлер кабинетинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми май айында Артём Новиковдун ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Тема боюнча:

Бишкектин мэринин м.а. Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти