Бишкектин мэринин м.а. Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетти

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу 12-августта анын кеңешчиси Азамат Абсаттаров фейсбук барагына Сарыбашовдун видео кайрылуусун жарыялагандан кийин белгилүү болду. Сарыбашов кызматтан кетип жаткандыгында эч кандай «саясат» жоктугун белгиледи.

«Кызматымды тапшырууда эч кандай саясат жок. Айрым себептерге байланыштуу жеке менин өзүмдүн чечимим болду. Максатым мамлекетке элге кызмат кылуу. Али далай кызмат кылам. Борбор калаабызды оңдойбуз деген көптөгөн пландарым бар эле [...] Эми мамлекетке кызмат кылам деген жакшы тилектерим бар. Жакынкы айларда бул тууралуу кабарлайм, буюрса. Мени Бишкектин мэрлигине ишеним көрсөткөн президент Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем», — деген Сарыбашов.

Таалайбек Сарыбашов 2021-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 2-августта кол койгон.

Сарыбашов болгону 10 күн борбор калаанын мэринин милдетин аткарды. 

Таалайбек Сарыбашов деген ким?

Таалайбек Сарыбашов 2018-жылдын июль айынан 2021-жылдын августуна чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Ага чейин 2008-жылы Алай райондук кеңешинин депутаты, төрт жылдан соң Алай районунун акими болуп иштеген. 2015-жылдан тартып Ош шаарынын башчылыгына келгенге чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сарыбашовдун Бишкек шаарында салынып жаткан хан сарайы талкууга алынган. Ал Бишкек шаарында үч кабаттуу үй куруп жатат деген видео 6-мартта тараган. Тасманын автору хан сарайды көрсөтүп жатып, «Райымбек Матраимовдун үйү бул жакта эле калат экен» деп комментарий берген. Мындан сырткары, автор үй Сарыбашовдун бир тууган эжесине катталганын айткан.

Бирок, Ош шаардык мэриясынан аталган хан сарайдын Сарыбашовго тиешеси жоктугун билдиришкен. Ошондой эле, өткөн жылдын декабрында да Сарыбашовдун Ош облусунун Алай районундагы хан сарайы талкууга алынган. Анткен менен мэр Гүлчө айылындагы үй атасына таандык экенин жана аны бир туугандар чогулуп курушканын айткан.