COVID-19: Акыркы суткада коронавирустун жаңы 468 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

13-августта коронавирустун жаңы 468 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 262;

Чүй облусунда — 72;

Баткен облусунда — 25;

Жалал-Абад облусунда — 37;

Ысык-Көл облусунда — 37;

Ош шаарында — 3;

Ош облусунда — 12;

Нарын облусунда — 12;

Талас облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 171 238гке жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 656 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 161 450 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 283 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 3 668.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 7 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 433 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 26 991 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 13-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 571 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 234 миңден ашуун.