Садыр Жапаров мектептерге ата-энелерден акча чогултууга каршы

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров мектептерде окуучулардын ата-энесинен акча чогултуу демилгесин колдобойт. Анын айтымында, акча чогултуу мамлекеттик саясаттын коррупция менен күрөшүү жаатындагы негизги багытына каршы келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президент мектепке акча чогултуу ата-энелер үчүн «оор жүк» болуп калат деп эсептейт.

«Мектептерде ар кандай максаттарга, ар кандай шылтоолор менен акча жыйноого кескин түрдө тыюу салынышы керек. Мектептин өкүлдөрү тарабынан бул сыяктуу жасалган бардык аракеттер дароо кабарланып турушу зарыл», — деп белгилеген Жапаров.

Мындан сырткары, өлкө башчысы ата-энелерден алынган кошумча төлөм билим берүү системасын жакшыртууга таасир тийгизе албайт деген пикирде.

Буга чейин, 5-августта Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов ЖМК өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып, мектепке жардам иретинде ата-энелерден акча жыйноо жөнүндө сунуш келтирген. Министр болжолдуу түрдө шаарда 1000 сомдон, айылдарда 800 сомдон деген сумманы бекитерин айткан.

Купешовдун бул пикири коомчулукта көпчүлүк ата-энелердин нааразычылыгын жаратып, соцтармактарда талкуу жараткан. Ата-энелердин бир бөлүгү министрлик пандемия убагындагы кризисти эске албай жатат десе, экинчи бөлүгү ата-энелер фондуна чогулган акча директордун капчыгына түшөт деген пикирди билдиришкен. Анткен менен, мектептерге ата-энелер кошумча төлөм аркылуу жардам берсе болот деген ата-энелер да болгон.

Мындай кызуу талкуудан кийин министрлик акча чогултуу боюнча кайра түшүндүрмө тараткан. Анда коомчулукта карама-каршы көз караштарды жаратып, ата-энелердин нааразычылыгын туудурган ушул маселени мыйзамга ылайык чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп жатканы айтылган.

«Жумушчу топтун курамына министрликтин кызматкерлери, ата-энелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ аталган маселенин укуктук, финансылык, социалдык ж.б. аспекттерин тыкыр карап чыгып, маселени чечүү жолдорун сунуштайт», — деп жазылган билдирүүдө.

Дагы окуңуз:

«10 млн сом чогулган». Ата-энелер мектептеги Камкордук кеңешке акча берүүгө милдеттүүбү?