COVID-19: Жети киши каза болду, жаңы 332 учур катталды

Республикалык штаб 15-августта өлкөдө коронавирустун 332 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 150;
  • Чүй облусунда — 31;
  • Ысык-Көл облусунда — 38;
  • Жалал-Абад облусунда — 36;
  • Баткен облусунда — 24;
  • Ош облусунда — 8;
  • Нарын облусунда — 23;
  • Талас облусунда — 20;
  • Ош шаарында — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 676 бейтап айыгып, жети киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 172 090ге жетти. Оорудан 162 780 бейтап айыгып, 2446 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 2125 бейтап ооруканаларда, 3328 киши үй шартында дарыланууда.