Акыркы суткада COVID-19 жуктурган 5 киши каза болду, жаңы 237 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

16-августта коронавирустун жаңы 237 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 120;

Чүй облусунда — 37;

Баткен облусунда — 18;

Жалал-Абад облусунда — 11;

Ысык-Көл облусунда — 39;

Ош шаарында — 4;

Ош облусунда — 1;

Талас облусунда — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 172 327ге жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 469 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 163 249 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 2 101 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 3 112.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 5 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 433 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 3 676 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 16-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 586 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 262 миңден ашуун.