ЖМК: Москвадагы массалык мушташтан кийин 26 кыргызстандык депортацияланды

Орусиянын Vesti.ru басылмасы 14-августта 2021-жылдын июль айында Москвада катталган массалык мушташтан кийин 26 кыргызстандык Орусиянын аймагынан депортацияланганын кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, Кыргызстандын 26 жараны Домодедов аэропортунан мекенине жөнөтүлгөн. Бир каттам Бишкек шаарына, экинчиси Ошко учкан.

Мындан тышкары, депортацияланган жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө 40 жылдык тыюуу салынганы айтылды.

Кузьминкидеги массалык мушташ

Орусиянын Москва шаарындагы мигранттардын массалык мушташы үстүбүздөгү жылдын июль айында катталган. Анда Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын жана Тажикстандын жарандары болгону кабарланган. Бир нече бычактан жаракат алган жаран ооруканага жеткирилген.

Чырдын чыгышынын алдын ала версиясы катары 11-июлда Кыргызстандын эки жараны Химки районунда бычакталганын жана алардын достору өч алуу максатында урушканы айтылган. Натыйжада Кузьминки районундагы мушташ массалык кагылышууга өсүп жеткен.

Кийин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги соцтүйүндөргө тарап жаткан чырдын келип чыгышына улуттар аралык конфликт болушу мүмкүн деген алдын ала версия чындыкка дал келбей турганын кабарлаган.

14-июлда Москва полициясы Кузьминкидеги массалык мушташтын бир катар катышуучулары соттун чечими менен айып төлөп, Орусиянын аймагынан чыгарыларын айткан. Ошондой эле, алардын айрымдарына өлкөгө кирүүгө 40 жылга тыюу салынары кабарланган.

Полициянын маалыматына караганда, мушташ болгон күнү ага аралашкан 103 адам аймактык бөлүмгө жеткирилген.

Кыргыз ИИМнин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев «Азаттыкка» курган маегинде полицияга жеткирилген адамдардын арасында 70тен ашуун кыргызстандыктар бар экенин айткан.