Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 341 учуру катталды, 6 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

17-августта коронавирустун жаңы 341 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 151;

Чүй облусунда — 93;

Баткен облусунда — 16;

Жалал-Абад облусунда — 22;

Ысык-Көл облусунда — 29;

Ош шаарында — 3;

Ош облусунда — 1;

Нарын облусунда — 11;

Талас облусунда — 15.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 172 668ге жетти.

Ошондой эле, акыркы суткада 561 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 163 810 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 1 920 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 3 067.

Мындан сырткары, акыркы суткада коронавирус жуктурган 6 киши каза болду. Кыргызстанда илдеттен 2 457 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 23 629 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 17-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 595 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 277 миңден ашуун.