Ош: Патрулдук милиционерлерден качып бараткан айдоочу жол кырсыгынан каза тапты

Ош шаары. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу/Kloop

Ош шаарында 16-августта патрулдук милиционерлердин унааны токтотуу талабына баш ийбей качып бараткан 39 жаштагы айдоочу жол кырсыгынан каза тапты. Ош ШИИБи күбөлөргө таянып айдоочу «өтө мас абалында болгон» деп билдирди. ИИМдин Ички иликтөө кызматы милиционерлердин аракеттерин териштире баштады.

Окуя кандай болгон?

ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, 16-августка караган түнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө шаардын СМУТТ аймагында белгисиз киши мас абалында өзүнүн «Дэу-Ласетти» унаасын айдап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматы жерине барганда күбөлөр «айдоочу алкоголдук ичимдиктерди ичкенден соң унаасына отуруп белгисиз тарапка кетип калганын» айтышкан.

Сыдыков «кайгуул кызматы кырсыктын алдын алуу максатында айдоочуну издеп баштаган» дейт. Ошондой эле ал патрулдук милиционерлер айдоочуну «куубаганын» айтты.

«Айдоочу патрулдук милиционерлерге Жапалак айылында кезиккен. Алардын токтотуу боюнча талабына баш ийбей катуу ылдамдыкта качып кеткен. Көп өтпөй Жапалак айылындагы Качыбек участкасынын Ташиев көчөсүндө жайгашкан электр мамычасын, андан соӊ жакын турган үйдүн дубалын сүзүп токтогон», — деди ал.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу Ош шаардык ооруканасына оор абалда жеткирилген. Бирок 16-августта түштөн кийин каза тапты.

ШИИБ окуяны «Жол кырсыгы» деп каттап иликтей баштады. Ал эми патрулдук милиционерлердин айдоочуну кууп-куубаганын ИИМдин Ички иликтөө кызматы териштирет. Ошондой эле айдоочунун мас же соо абалда болгонун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.

Үч адамдын өмүрүн алган автокырсык, ШИИБге нааразычылык

11.04.21 Сүрөт: Ош ШИИБ

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Ош — Ноокат автожолунда Ош ШИИБдин кызматкерлеринен качып бараткан «Жигули» унаасы оор жүк ташуучу унаа менен кагылышып, жеңил унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү аял каза болгон.

Анда милициядан «Жигулиде» болгондор «Каракчылыкка» шектелгенин, кайгуул кызматы алардан унааны токтотууну талап кылса да баш ийбегендиктен кууганын билдиришкен.

Бирок маркумдардын жакындары Ош ШИИБдин кызматкерлери «туура эмес маалымат таратты» деп, адамдардын өмүрү «милиционерлер унааны эки тараптан тең кыскандыктан кыйылды» деп айтышкан.

Үч адамдын өмүрүн алган автокырсык. Маркумдардын жакындары Ош ШИИБге нааразы