Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар аз болууда

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнүн темпи өткөн жумага салыштырмалуу 40,9%га төмөндөп кетти. Бул тууралуу 18-августта ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова билдирди.

Артыкова бул көрүнүш «чоң өкүнүчтү жаратып жатканын» айтты.

«ДССУнун максаты — сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10%дан кем эмесин, жылдын аягына чейин 40%дан кем эмесин, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70%ын эмдөө болуп саналат. Бул пандемияны токтотуу үчүн биз бирге жетишибиз керек болгон маанилүү жагдай», — деди ал.

Ошондой эле Артыкова үстүбүздөгү жылдын апрель жана июнь айларында өлкөдө COVID-19дун британиялык альфа жана түштүк африкалык бета штаммдары табылганын белгилеп, бул чоң тынчсыздандырууга алып келгенин айтты. Өлкөдө мындан сырткары индиялык жана орусиялык штаммдар да жайылган.

18-августка карата Кыргызстанда 849 576 адам эмдөөдөн өттү. Жалпы калктын 8,8%ы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9%ы экинчи дозасын алды.

Ал арада акыркы суткада коронавирустун жаңы 269 учуру катталып, беш киши каза болду.

Учурда өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik V жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарды өздөрүн жана жакындарын коргоо үчүн COVID-19га каршы эмдөө алууга чакырат.