Ошто айдоочуга кол салган Ош ШИИБдин бөлүм башчысы кызматынан бошотулду

Беспредел.kgге жарыяланган видеодон скрин.

Ош шаарында каршы тилкеге чыгып, айдоочуга кол салган Ош ШИИБдин №1 бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Сариев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Тиешелүү буйрукка 16-августта Ош ШИИБдин начальниги Акылбек Мамасейитов кол койгон. Учурда окуя боюнча ички иликтөө жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгында Сариев мындан ары ички иштер органдарында иштеп калабы же жокпу билинет», — деп билдиришти милициядан.

15-августта социалдык тармактарга Оштогу Тешик-Таш базарында каршы тилкеде Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жаткан милиционердин видеосу тараган. Анда милиция кызматкери ага эскертүү берүүгө аракеттенген айдоочунун телефонун тартып алууга аракеттенип кол салган. Окуя айдоочунун унаасындагы видеорегистраторго тартылып калган.

Кийинчерек Ош шаардык милициясынан жол эрежесин бузган милиционерге айып пул салынып, протокол түзүлгөндүгүн маалымдаган. Мындан сырткары, окуя боюнча ички иликтөө жүрөөрүн жана териштирүүдө топтолгон материалдар шаардык прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөрүн билдиришкен.

Тема боюнча:

Видео: ИИМ айдоочуга кол салган Ош ШИИБдин бөлүм башчысынын аракетин иликтейт