Президент Жапаров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 18-августта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгонун билдирди.

Басма сөз кызматтан жаңы Фонд Кыргызстандын экономикасындагы приоритеттүү тармактарда өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылоо менен алектенерин түшүндүрүштү. Ал үчүн Фонд өлкө бизнесмендерине зайымдарды берет жана капиталга катышууга жол ачат.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Фонддун уставдык капиталы 50 млн долларды түзүп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, андан соң бул капиталды 200 млн долларга чейин жеткирет.

Фондду түзүү тууралуу келишимге эки өлкөнүн өкмөтү үстүбүздөгү жылдын март айында эле кол коюшкан.

Кыргызстанда ушундай сыяктуу эле дагы бир фонд бар, аны Кыргызстан Орусия менен биргеликте түзгөн. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) ишин 2014-жылы баштаган.

Фонд кичи жана орто бизнеске 1 млн долларга чейин, ал эми ири бизнес үчүн 100 миң доллардан өйдө насыя берет. Учурда ОКӨФтү Артём Новиков жетектейт, ал 2020-жылы октябрда бийлик алмашкан учурда өлкөнүн өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп да иштеген.