Токтогулда ымыркайын дааратканага таштап кеткен кыз зордукталганын айтып берди

Сүрөт: ӨКМ

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дааратканасына ташталган ымыркайдын 18 жаштагы апасы мурда зордукталганын билдирди. Маалыматты «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Кыз өз көрсөтмөсүндө Бишкекте сырттан тааныш Б. аттуу бала тарабынан зордукталганын жана андан боюнда болуп калгандыгын айткан. Учурда бул боюнча материал Бишкекке жиберүү үчүн даярдалып жатат. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти милициядан.

«Турмуш» басылмасы Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына таянып, кыз «караңгыда белгисиз бирөө тарабынан зордукталган» деп жазды. Башкармалыктын кызматкерлеринин айтымында, ал кордук көргөнүн эч кимге айта алган эмес.

«Негизи ал кыздын жүрүм-туруму боюнча жакшы гана пикирлер бар экен. Ал таежесинин колунда чоңойгон. 9-класстан кийин Бишкек шаарындагы колледждердин биринде билим алып жаткан», — деп жазылган.

Учурда ымыркай менен эне Токтогулда таежесинин үйүндө жашап жатышат. Экөөнүн тең абалдары «жакшы». Алар Токтогул райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдө болууда.

Ошондой эле, наристе боюнча тийиштүү кагаз иштери даярдалгандан кийин, атайын комиссия аны энесинде калтыруу же калтырбоо боюнча маселени карап чыгат.

Эмне болгон?

11-августта милицияга Токтогулдагы көп кабаттуу үйлөрдүн дааратканасына ташталган ымыркай тууралуу ӨКМден кабар келген. Ымыркайдын үнүн алгач көп кабаттуу үйдүн 59 жаштагы жашоочусу угуп, ӨКМ кызматына жардам сурап чалган.

Ымыркайды даараткандан ӨКМдин төрт куткаруучусу алып чыгып, Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткиришкен. Дарыгерлер ымыркайга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, абалын «канааттандырарлык» деп баалашкан.

Милиция окуяны «Коркунучта калтыруу» беренеси менен каттап, сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында ошол эле күнү 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган.

Тема боюнча:

Токтогулда чүрпөсүн дааратканага таштап кеткен эне кармалды