УБ: Кардардын банктык купуя маалыматын сот чечими жок алууну талкуулоо али эрте

Кыргызстандын Улуттук банкы (УБ) Economist.kg басылмасына Мамлекеттик салык кызматынын Салык кодексине кардарлардын банктык маалыматтарын соттун чечими жок эле алуу жөнүндө өзгөртүүлөрүнө комментерий берди.

Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, бул сунушту талкуулоого али эрте. Ошондой эле алар, бул сунуш жаңы редакцияланып жаткан кодекстин алкагында киргизилгенин кошумчалашты.

Улуттук банк жаңы кодекстин долбоору маморгандардын, коомчулуктун жана Улуттук жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ даярдап жатканын белгиледи.

«Учурда ведомстволор аралык жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн сунуштарын чогултуу жана изилдөө иштери жүрүп жатат. Жумуштар аяктагандан кийин ведомстволор аралык жумушчу топ Салык кодексинин жаңы редакциясынын акыркы долбоорун мыйзамда белгиленген тартипте сунуштоого жана бекитүүгө даярдайт», — деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.

Жаңы Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын 17-августта Кыргызстандын банктар союзу билдирип чыккан. Салык кодексине «банктын кардарлары тууралуу дээрлик бардык маалыматты» ачыктоого жол ачкан түзөтүүлөр сунушталып жатканы айтылган.

МСК 126-берененин бир нече пунктун өзгөртүүнү сунуштаган. Негизинен кеп тийиштүү окуядан кийин үч жумушчу күндүн ичинде эсептерди ачуу же жабуу, салымдар, эсептердин ревизиттеринин өзгөртүлүшү жана салык төлөөчүлөрдүн салымы тууралуу маалыматты берүү тууралуу болууда.

Пайдалануудагы Кодекске ылайык, салык кызматы бул маалыматты сот чечиминен кийин гана ала алат. Мекеме аны сот чечими жок эле алууну сунуштаган.

Салык кызматы кардарлардын эсептери аркылуу жүргөн бардык операциялар менен эсептин азыркы абалы тууралуу маалыматтарды дагы соттун чечими жок эле алууну сунуштаган.

Салык кызматынын сунушуна ылайык, бул маалыматтарды «жүйөөлүү себеп менен сураса» соттун чечимисиз эле берүү керек. Кодекстин пунктун салык кызматы сурап ала турган документтердин тизмеси менен дагы толуктоо сунушталууда.

Бул сунушка депутат Дастан Бекешев реакция кылган. Ал телеграм-каналы аркылуу мындай ченем өлкө үчүн кооптуу экенин айткан.

«2017-жылы ушундай демилге көтөрүлгөн. Анда биз Акылбек Жапаров менен бирге каршы чыкканбыз. Мен мындай түзөтүү бизге кереги жок деп эсептейм», — деди Бекешев.