Ысык-Көл: Кубакыда жол кырсыгынан каза болгондордун саны 7 адамга жетти

17-августта Ысык-Көл облусунун Кубакы ашуусундагы жол кырсыктан каза болгон жарандардын саны жети адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында катталган. Анда 10дон ашуун жүргүнчү ташып бараткан «Мерседес-Бенц-Спринтер» жана оор жүк ташуучу «МАН» унаалары кагышкан.

Маалыматка ылайык, жалпы 23 адам кырсыкка кабылган. Анын ичинен маршруткадагы эки эркек жана үч аял окуя болгон жерде каза болуп, дагы 74 жаштагы киши жана бир ымыркай ооруканадан көз жумган. Кырсыктан жабыркаган 16 адам Балыкчы шаардык ооруканасында жана Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, жүргүнчү ташыган унаанын ичиндеги адамдар Ак-Талаа районунун тургундары болушкан. Ал эми каза болгондордун баары тең Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылынын тургундары.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Маршрутка менен жүк ташуучу унаа кагышып 5 киши каза тапты