Бишкек, ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссиялары бүгүн 18-августта саат 18:00дө үч шаардын мэрлик кызматына талапкерлердин документтерин каттоону аякташты.

БШКнын басма сөз кызматынан Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлигине болгону үч талапкер көрсөтүлгөнүн билдиришти.

Бишкек жана Ошто мэрлик кызматка талапкер катары бул шаарлардын учурда мэрдин м.а. жаткан Айбек Жунушалиев менен Алмаз Мамбетов катталды. Бул кызматтарга экөөнөн башка эч ким талапкерлигин көрсөткөн жок.

Новиковдон кийинки аппарат жетекчиси

Жунушалиевдин талапкерлигин 17-августта минкабдын башчысы менен Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп келип, бирок 10 күндөн кийин эле кайра кызматынан кеткен Ош шаарынын экс-мэри Таалайбек Сарыбашовдун ордуна калаа башчысы болуп келген.

Айбек Жунушалиев 2021-жылга чейин жогорку кызматтарды аркалаган эмес. Анын карьерасы үстүбүздөгү жылдын февралынан кийин көтөрүлө баштаган. Анда ал өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Андан кийин май айында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болгон — бул кызматка Артём Новиковдун ордуна келген.

Сөгүнчөөк-мэр

Мамбетов болсо 2-августта Ош шаарынын м.а. болуп дайындалган. Ал шаар мэрлигине ат салыша турганын муниципалитеттин жамаатына тааныштырылып жаткан убакта эле айткан.

«[Шаардык кеңештин] депутаттары колдоп берсе талапкерлигимди коём. Мен ойлойм, чогуу иштешебиз», — деген Мамбетов 2-августта.

Мамбетов мурда Балыкчы шаарынын дагы мэри болгон. Ал өз кызматында ызы-чууларга байланыштуу эсте калган. Эмесе, Балыкчы шаарында мэрия жол куруу үчүн дарактарды кыйганы үчүн сынга алынганда Мамбетов фейсбук колдонуучулары менен кайым айтышып, «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп жазган.

Бир нече саат өткөндөн кийин Мамбетовдун ой-пикири өчүп кеткен. Көп өтпөй Балыкчы мэриясы шаар башчысынын фейсбуктагы барагын «үчүнчү жактар бузуп киришкен» деп билдирген.

Бул кызматта ал сөгүнчөөктүгү менен да эсте калган: интернетте Балыкчынын экс-мэри Сатыбек Шамшудинов менен Мамбетовдун ортосунда уят сөздөр айтылган аудио жазма тараган. Аудиодо Мамбетов Шамшудиновду «өлөсүң» жана «көтүңдү айрыйм» деп коркуткан.

Тема боюнча: Балыкчынын мурдагы жана учурдагы мэри телефондон сөгүшүп кетишти

Андан кийин Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. Бул кызматта ал бир жылга жетпеген убакыт иштеген. Ал «Азаттык», «Клоопа» жана OCCRPнин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу 2019-жылы биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөсү жарык көргөндөн кийин башталган кыргыз паспортторун мыйзамсыз берүүгө байланыштуу чуунун шартында кызматтан алынган.

Ал эми өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген октябрь окуясынан кийин президенттин иш башкармасынын жетекчиси болуп дайындалган.

«Чемпион» жана Токмоктогу атышуу

Токмок шаарынын калаа башчылыгына парламент депутаты Урмат Самаев талапкерлигин көрсөтүүдө. Ал мурда дагы бул шаардын мэри болууга аракет кылган. Самаев 2012-2015-жылдары Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.

Самаевдин ысымы бир нече чууда аталган. Ал 2019-жылы январда Токмок шаарына жакын жерде эки аткезчи топтун ортосунда болгон атышууда аты аталган. Ал окуяда жабыркагандардын бири ага Дастан деген бир киши ок атканын билдирген — Жогорку Кеңештин «Чемпион» каймана аты бар депутаты. Кийинчерээк «Чемпион» — бул Урмат Самаев экендиги белгилүү болгон. Ал дагы милицияга суракка чакырылган, бирок окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Анда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев аны коргоп, айрым ЖМКлар туура эмес маалымат таратууда, «Самаев эч качан УКТ мүчөсү болгон эмес» деп айтып чыккан. Ал эми депутат өзү спорт менен машыккандыктан «Чемпион» деген атка конуп калганын түшүндүргөн.

Өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген октябрь окуясынан кийин парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева дагы Самаев тарабынан коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматка бекитилген. Жыйында Касымалиева да болгон, бирок бир убактан кийин ал кетип калган.

«Урмат мен силерден жана атын айтуудан коркушкан шефиңерден коркпойм. Мен азыркы күнгө чейин коомдук транспорт менен жүрөм, жалгыз жүрөм. Эгерде менин кызым менен, үй-бүлөм менен бир нерсе болсо, анда баары ушул жерде жазылган», — деп билдирген 11-октябрда вице-спикер.

Кийин ал «Самаев “сабайм же өлтүрөм” деп түз коркутпаганын, бирок коркутуу аракети болгонун» түшүндүргөн.

Самаев өзү 12-октябрда Касымалиеванын айткандарын четке кагып, вице-спикер «жалган» айтууда деп билдирген.

Үч шаардын мэрлерин шайлоо 26-августта өтөт. Бишкек, Ош жана Токмоктун калаа башчыларын шаардык кеңештин депутаттары шайлашат.