«Ошко мэр болууну президент сунуштады». Алмаз Мамбетов эмнелер тууралуу айтып берди?

Алмаз Мамбетов. Сүрөт: «Клооп»

Ош шаарынын мэринин м. а. Алмаз Мамбетов 2-августта муниципалитеттин жамаатына тааныштырылып, ал журналисттерге маек курду. Мамбетов бул кызматка убактылуу келгенин айтканы менен Ош шаарынын мэрлигине талапкерлигин коё турганын айтты.

«[Шаардык кеңештин] депутаттары колдоп берсе талапкерлигимди коём. Мен ойлойм, чогуу иштешебиз», — деди Мамбетов.

Жаңы калаа башчы мэриянын ишке ашырылып башталган долбоорлору аягына чыгарылат деп ишендирди. Ал эми журналисттердин Ак-Буура дарыясынын жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүүгө байланыштуу суроолоруна Мамбетов долбоор менен толук таныша электигин айтып жооп берди.

«Мен азыр [долбоор] менен толук тааныша элекмин, бирок ушундай проекттер бар экенин билем. Бул долбоорлорду албетте улантыш керек [...] токтобошу керек, анткени ал эл күтүп, муктаж болуп жаткан долбоорлор», — деди Мамбетов.

*Оштун Ак-Буура дарыясын 5,4 чакырым жээгин көрктөндүрүү долбооруна шаардык бюджеттен 252 млн сом каралган — анын 60 млн сому 2020-жылы бөлүндү. Долбоорго ылайык, Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынып, тротуар, веложол, адамдар өтүүчү көпүрөлөр, түнкү жарыктандырууну жана эс алуучу жайлар курулат.

Ошондой эле Мамбетов ага Ош шаарына мэр болуп барууну президент Садыр Жапаров сунуштаганын айтты.

«Мен бул сунуштан баш тарта алган жокмун. Анткени Ош шаары экинчи борборубуз, бул жерде абдан чоң жоопкерчилик бар. Ал мамлекеттин негизги шаарларынын бири. Менин келип калганым деле балким туура нерседир», — деди ал.

Мамбетов социалдык тармактарда кызматка дайындалышы күзүндө өтө турчу парламенттик шайлоо менен байланыштуу делген дагы кептерге комментарий берди. Мамбетов «бул же тигил партияга тартпай», шайлоону таза өткөрүү керектигин билдирди.

«Менин мэр катары максатым ушул — шайлоону таза өткөрүү. Мурдагыдай добуш сатып алууларды жок кылуу, объективдүү, таза [өткөрүү]. Кайсыл партия келбесин, кайсыл талапкер депутат болуп келбесин — ушул шайлоодо тазасы келсин. Шайлоону таза өткөрөлүк», — деди Мамбетов.

Ал эми маектин аягында Мамбетов Ош шаарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечиле турганын, бирок кандай иш-чаралар жүргүзүлөөрүн ачыктаган жок.

Алмаз Мамбетов Ош шаарына мэрдин м.а. болуп дайындалганы 1-августта бегилүү болгон. Ал эми Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп дайындалышы мүмкүн деген кептер айтылууда.