Акыркы суткада COVID-19дун жаңы 249 учуру катталды, 6 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 19-августка карата акыркы суткада коронавирус жуктурган 6 киши каза болгондугун маалымдады. Кыргызстанда илдеттен 2 468 киши көз жумду.

Ошондой эле, COVID-19дун жаңы 249 учуру катталды — Бишкек шаарында — 84, Чүй облусунда — 77, Жалал-Абад облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 26, Ош шаарында — 3, Ош облусунда — 3, Нарын облусунда — 12, Талас облусунда — 13, Баткен облусунда — 16. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 173 186га жетти.

Мындан сырткары, акыркы суткада 498 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ушуну менен өлкө боюнча 164 842 киши оорудан айыкты. Ал эми ооруканаларда 1 744 бейтап дарыланып жатат. Үй шартында дарылангандардын саны — 2 714.

Ошондой эле, акыркы суткада жалпы 21 091 киши эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 19-августка карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 614 миңден ашуун адам алды, ал эми экинчисин — 305 миңден ашуун.